Бекназаров Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруучу мыйзам долбоорун алып чыгат

"Ата-Журт" фракциясынын бүгүнкү, 5-апрелдеги, жыйынында убактылуу өкмөттүн экс-мүчөсү Азимбек Бекназаров Кумтөр кенин иштеткен канадалык Centerra Gold Inc компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруучу мыйзам долбоорун парламентке алып чыга турганын билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын нормаларына ылайык, мыйзам долбоорун демилгелөө жарандардын укугу. "Биз мыйзам талаптарына жана Конституциянын нормаларына ылайык бардык процедураларды жасадык. Кумтөр кенин иштеткен канадалык компания менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу үчүн 12 миңден ашык кол топтодук. Эми чечимди парламент кабыл алат", - дейт ал.

Ал Кумтөрдүн ишмердигин текшерген депутаттык жана өкмөттүк комиссиянын ишинен кийин канадалык компания менен түзүлгөн келишим жокко чыгат деп үмүт кылганын белгиледи. "Парламент өз алдынча эле келишимди жокко чыгарат деп ойлогонбуз. Андыктан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыккан эмеспиз. Өкмөт аталган мыйзам долбоорун 2012-жылдын декабрында эле алган. Бирок бүгүнкү күнү өкмөт келишимди жокко чыгарууга барбай турганын көрүп атабыз. Ушундай эле абал депутаттар арасында да байкалууда", - деп кошумчалады Бекназаров.

Ал ошондой эле кыргыз тарап келишимди жокко чыгармайын эч кандай сүйлөшүү болбой турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД