Түндүктө электрэнергиясы 2015-жылы күзүндө болот

"Түштүк регионундагы Датка долбоорунан кийинки кезектеги проект Датка-Кемин", - деди "НЭСК" ААКтын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директор Акылбек Түмөнбаев. Анын ишке берүү убактысы 2,5 жыл. "Учурда абдан татаал, жер-жерлерде болочок трассанын жолун аныктоо этабын кечип өттүк. Датка-Кемин линиясы 410 чакырымга созулуп, анын көпчүлүгү бирөөнүн кызыкчылыгына тиешеси бар. Кээбир аймактар айыл-өкмөтү, токой чарбага тиешелүү, менчик жер тилкелери аркылуу өткөн аймактар да бар. Алардын барын макулдашуу, келечекте эч кимде нааразычылк болуп, сот чырларын алдын алуу максатында жүргүзүлдү", -деди Түмөнбаев.

"НЭСК" ААКтын жетекчиси май айынан тартып, жер иштери башталаарын божомолдоду.

Бул тууралуу материалды "Вечерний Бишкек" гезитинен окусаңыздар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД