Кыргызстанда биометриялык паспорт 2015-жылы жасалып баштайт

2015-жылдан баштап Кыргызстанда биометриялык паспорттор жасалып баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Элдияр Убалиев "Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү, 5-апрелдеги, жыйынында билдирди.

Ал дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде мындай паспорт бар экенин айтты. Фракция лидери Феликс Кулов мындай паспортторду даярдоо боюнча тендер өткөрүүчү комиссияда беш фракциядан депутаттар болушу керектигин жана коррупциялык иштерден качуу үчүн тендердик комиссиянын төрагасы Мамлекеттик каттоо кызматынын эмес, Юстиция министрлигинин өкүлү болушу керектигин белгиледи.

Кулов бул маселе боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен сүйлөшкөнүн айтып, ал да сунушталып аткан тендердик комиссиянын курамы менен макул болгонун билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД