Бишкекте көзгө көрүнбөгөн ишканалар пайда болду

Борбор калаада ишмердиги финансылык отчеттордо көрүнбөгөн мыйзамсыз муниципалдык ишканалар бар. Мындай фактынын болушун шаардык кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Эрнис Докенов кеңештин акыркы жыйынында учурдагы шаар жетекчилигинин күнөөсү деп билдирген эле.

Депутат көзгө көрүнбөгөн ишканалардын ичинде "Асфалть-сервис" да бар экенин айткан. Кирешеси 100 млн сомдоп саналган бул ишкана мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгында катылган. Бул жерде акча айланат бирок, эч бир жерде көргөзүлбөйт.

"Муниципалдык наабайкананын иши да бүдөмүк. Нанды бышыруу үчүн ун шаардык бюджеттин эсебинен алынат, ал эми сатыктан түшкөн киреше кайда экени белгисиз. Бул жерде 30 млн сом тууралуу сөз болууда. Эгер көмүскөдөгү акчаларды бюджетке түшүрсөк, киреше бөлүгү бир кыйла өсөт. Алынган каражатты биринчи зарыл болуп аткан иштерге жумшаса болот", - дейт Докенов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД