"Ата Мекендин" депутаты өкмөткө ишеним көргөзбөөнү сунуштады

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаков майда өкмөткө ишеним көргөзбөө прецедурасын баштоону сунуштады. "Министрлер кабинетинде пенсионерлер отурат, жаштар менен байланыш үзүлүп калды. Аксакалдар үйдө отурушу керек",- деди депутат.

Эскертсек, атамекенчилер өз жыйынында "Кыргызстан" АКБ банкынын акцияларын Өмүрбек Бабановдун басып алуусу боюнча маселени карашты. Депутаттар бул маселени жалпы палаталык талкууга алып чыгууну чечишти. "Эртең эле ЖМК барын туура эмес жазып чыгат да, күнөөлүү биз болуп калабыз. Андыктан муну палатанын жыйынында талкуулайлы. Банка ар бир фракциядан бирден, экиден депутатты жиберебиз алар текшеришсин",- деген оюн депутат Туратбек Мадылбеков билдирди.

АКБ "Кыргызстандын" акционерлери Өмүрбек Бабанов Курманбек Бакиевдин режими учурунда эле аларды мажбурлап, банктын 60% акциясын Максимге 20 млн долларга берүүгө көндүргөн. Бирок акционерлер ал акчаны алышкан эмес. Алардын айтымында, бул каражат оффшордук аймактарга чыгарылып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД