Орусияда өлгөн жарандардын сөөгүн КРдин 4 авиакомпаниясы бекер алып келет

Кыргызстандын дагы эки авиакомпаниясы – "Эйр Манас" жана "Авиа трафик компании" Орусиянын аймагында каза болгон КР жарандарынын сөөгүн бекер алып келүү боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине билдиришкен.

"Биринчи мындай чечимди 2012-жылдын декабрында "Кыргызстан" авиакомпаниясы кабыл алган",- деп элчиликтен маалымдашты. "Ошол эле күндөрү мындай чечимди республиканын дагы үч авиакомпаниясы кабыл алганы маалым болду. Бирок алар мындай чечими тууралуу элчиликке жакында гана билдиришти. "Эйр Бишкек" да ушундай чечим кабыл алган. Биз муну билеээрибиз менен эле коомчулукка жарыяладык. Азыр "Эйи Манас" менен "Авиа трафик компани" да мекендештердин сөөгүн бекер алып келе тургандыгын билдирди",-деп элчиликтен маалымдашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД