Ошто 4 миң роза көчөтү отургузулду

Апрель айынан баштап Ош шаарына көп жылдык жана бир жылдык гүлдөрдү отургузуу башталат. Алардын ичинен 4 миң тандалма сорттогу роза көчөтү да отургузулат. Бул тууралуу Ош шаарын жашылдандыруу чарбасынын директору Бахтияр Кудайбердиев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, роза гүлдөрү Ош мэриясынын жана облустук администрация имаратынын алдына отургузулду.

"Гүлдүн көчөттөрү Чехиядан алынып келинген. Аларды сатып алуу үчүн мэриядан дээрлик 100 миң сом кетти. Розаларды отургузуп болгондон кийин көп жылдык гүлдөр отургузулат. Апрелдин аягында жана май айынын башында бир жылдык гүлдөрдүн түрлөрүн тигебиз",- деп кошумчалады Кудайбердиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД