Шашылыш билдирүү. Үшүк жүрүшү күтүлөт

2013-жылдын 5-апрелинде Чүй областынын тоо этектеринде, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-3 градус төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Апрелдин 5-де жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Каракол-Эңилчек (45-90 км), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Ала-Бука - Каныш-Кия (62-100 км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД