Ош облусунда күчү 3 балл болгон жер титиреди

Улуттук Илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат кечки 21:44тө күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай тоо кыркалары болуп, Алай районундагы Сопу-Коргон айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты карай, Нура айылынан 35 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Терек жана Сопу-Коргон айылдарында 3 балл болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өлүмү катталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД