Төрага Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Эл аралык Валюта Фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия Департаментинин миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушууга Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кристиан Беддис миссиянын азыркы максаты, кеңейтилген насыялоо механизмдеринин алкагында 2013-жылдагы экономикалык программаларды ишке ашыруу боюнча КР өкмөтүнүн өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

Төрага Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен конкреттүү программаларды ишке ашыруу мөөнөттөрү так белгиленгенин билдирди.

Ошондой эле, жолугушууда акчаларды адалдоо, банк тармагын өнүктүрүү, бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, өлкөдө ишкерликти өөрчүтүү жаатындагы КР мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД