Жакында Google компаниясынан Android book өндүрүшкө коюлат

Digitimes порталынын маалыматына ылайык мындай үлгүдөгү ноутбукту үстүбүздөгү жылдын үчүнчү жарымында көрүүгө болот.

Google компаниясы ноутбуктар базарына мындан үч жыл мурун чыккан, бирок бүгүнкү күнгө чейин компаниянын өнөктөштөрү Chrome OS базасында чогултулган жеңил лэптопторду чыгарып келишкен. Мындай мүмкүнчүлүгү аз жана жөнөкөй лэптоптор "булут" системасында жана тармактык байламталарда жеткиликтүү күчкө ээ эместигин көрсөттү. Android book ноутбугунун чыгышы технологиялар базарында мерчемдүү окуялардын бири болоору байкалууда. Алгач уюлдук тиркемелерге чыгарылган оперативдүү система, бул күнгө чейин эски ОС менен чыгып келген салттуу компютерлерге биринчилерден болуп келет.

Акыркы жылдары гана уюлдук жана компьютердик оперативдүү системалар универсалдашып келүүдө. Мисалы, Microsoft, Windows 8, андан соң аны менен иштей турган Surface Pro планшетин чыгарды. Көпчүлүк уюлдук тиркемелер учурда эски Windows менен иштейт. Ал эми Apple компаниясы жеке иерархиясынын чегинен чыкпай келүүдө.

Бирок белгилей кетчү нерсе, так ошол гаджеттер жогорку технологиялыр базарын алдыга түртүп жылдан жылга жаңы технологияларды адамдын турмуш тиричилигине киргизүүдө. Андыктан, бул учурда Google компаниясы туура багытта баратканын байкасак болот, балким бара-бара Google, Android жана Chrome OS базасын бириктирип бир ири системага алып келет.

Учурда бир эле суроо туулат: Android book кайсы багытта болот? Түрдүү баалар сегментинде болобу же болбосо Chrome OS базасындагы лэптоп катары кала береби? Эгерде ноутбук Android тиркемесинде, толук кандуу компьютердин жеткиликтүү жана ар түрдүү кызматтары менен иштей турган болсо, анда Android book конкуренттер үчүн баш катырма болуп калат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД