Ысык-Көл облусундагы "нефритти" жергиликтүү эл кайтарууга алды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында табылган нефритке окшош ташты жергиликтүү эл кайтарууга алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде аталган райондун акими Жаныбек Дүйшембиев "ВБ"га билдирди.

Ал баалуу таштын табылганы тууралуу маалымат жарым жыл мурда чыкканын белгиледи. "Кийин жергиликтүү тургундар аны кимдир бирөөлөр казып алып кетүүгө аракет кылганын айтышты. Бирок ал абдан чоң болгондуктан алып кетүү мүмкүн эмес",- деди ал.

Аким ташты Мамлекеттик техникалык инспекциянын кызматкерлери жана өкмөттүн облустагы өкүлү келип көрүп кетишкенин айтты. "Таш абдан катуу болгондуктан аны сындырып, үлгүсүн Бишкекке жиберүү мүмкүн болбой атат",- деди ал.

Эскертсек, буга чейин Геология боюнча мамлекеттик агенттиги нефрит Кыргызстандын аймагынан бир гана түштүк аймакта табылганын "ВБ"га билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД