Машинанын терезесин караңгылатуу акысын кыймылдаткычына карап алуу сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев машиналардын алдыңкы жана капталындагы айнектерин караңгылатуу акысын машинанын кыймылдаткычынын көлөмүнө карата алууну сунуштады.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору каралууда. Ага ылайык, айнекти караңгылатуу үчүн 100 доллар өлчөмүндө акы төлөө керек.

Арапбаевдин айтымында, караңгылатуу үчүн 5 миң сом өтө төмөн. "Мисалы 50 миң сом турган "Тико" машиналары бар. Ошондой эле бир канча миллион сом болгон "Лексустар" бар. Жок дегенде ошолор үчүн айнекти караңгылатуу баасын кымбат кылалы. Бул калыс чечим болот",- деди ал.

Бул сунушту башка депутаттар да колдоого алып, айнекти караңгылаткандан түшкөн каражатка жолдорду оңдоону сунушташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД