Кыргызстандыктардын 16%ы гана башка мамлекетте жашаганды каалайт

Кыргызстандыктардын болгону 16%ы гана башка мамлекетте жашаганды каалашат. Мындай жыйынтык коомдук пикирди иликтеген америкалык институттун (Гэллап институту) эки жылдык иликтөөсүндө белгиленген.

КМШдагы 12 мамлекеттин калкын сурамжылагандан кийин эң көп Арменияда жашагандар башка жакка кетүүнү каалашары аныкталган. Бул жакта калктын 40%ы башка мамлекетте жашоону каалашат. Ал эми Молдова – 32%, Украина – 21%.

Андан тышкары белорустардын 17%ы, орусиялыктардын 14%ы, казактардын – 13%ы тажиктердин 11%ы башка өлкөдө жашоону каалашат.

Чет мамлекетте жашоону каалагандардын саны Түркмөнстанда – 6%, ал эми Өзбекстанда – 5%.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД