"Мыйзамсыз мигрант" рейди учурунда Москвада кыргызстандыктар да кармалды

Москвада полиция менен Миграция боюнча федералдык кызмат "Мыйзамсыз мигрант" рейдин уюштуруп, Борбор Азия мамлекеттеринен келген 375 жаранды кармашты. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Ошондой эле 93 Азербайжандын жараны да кармалган.

Полициянын маалымдашынча, алардын өздүгүн тактоо үчүн жана Орусияда жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун текшерүү үчүн кармалган бардык мигранттар укук коргоо органдарына алынып келинген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 100дөн ашык киши Орусиянын аймагында жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Кармалгандардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД