Ленин районунда жол кырсыгынан 5 киши жабыркап, 3 киши реанимацияда

Бишкек шаарынын Ленин районунда 8-апрелде саат 00:23тө Лев Толстой көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен БМВ-525 үлгүсүндөгү (мам.номер.S55-44F) жеңил машина даракты сүзгөн. Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жол кырсыктан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Жабыркагандар;

1.Туманбаев К. 198-ж.т., айдоочу- Нарын обл.тургуну.

2.Иманалиев У.К. 1987-ж.т., жүргүнчү- Бишкек ш. тургуну.

3.Абдыкалыкова Н. 1981-ж.т., жүргүнчү- Бишкек ш. тургуну.

4.Нурматова.М.М. 1987-ж.т., жүргүнчү- Бишкек ш. тургуну.

5.Исмаилова Н.А.- 1987-ж.т., жүргүнчү- Бишкек ш. тургуну.

Жабыркагандар №4 ооруканага жеткирилген, 3 жабырлануучу реанимация бөлүмүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД