Айдоочуну муунткан жүргүнчү кармалды

Бишкекте таксистке кол салган киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КР ички иштер органындагы булак билдирди.

Маалыматка ылайык, тартип сакчысы жумуштан кийин Жибек Жолу көчөсү менен жаңы автовакзалды көздөй барган. Ал жактан жол жээгинде токтоп турган машинадан кишилердин урушуп атканын байкаган. Ал машинага жакын келип караганда жүргүнчү айдоочуну муунтуп атканын байкаган.

Милиционер ал кишини окуя болгон жерден кармаган. Кийин аныкталгандай айдоочу менен жүргүнчү жол кире тууралуу чырлашып, жүргүнчү аны муунтуп баштаган.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД