Өзбекстандан 840 тонна минералдык жер семирткич келди

Кечээ, 7-апрелде, Ошко Өзбекстандан 840 тонна минералдык жер семирткич келди. Апрель айынын аягына чейин дагы 60 миң тонна жер семирткич келери күтүлүүдө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жер семирткичтер премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Өзбекстандын жетекчилиги менен жалпы көлөмү 200 миң тонна минералдык жер семирткичти алып келүү боюнча сүйлөшүүсүнүн негизинде ишке ашкан.

Андан сырткары, Орусиядан экинчи партия менен 6 миң тонна буудай келди. Буга чейин Орусиядан 5 миң тонна буудай алынып келинген болчу. КР айыл-чарба министрлиги менен Орусиянын айыл-чарба министрлиги ортосунда 20 миң тонна буудайды кайтарымсыз жардам катары алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, буудайдын калган бөлүгүн апрель айы ичинде толугу менен алып келүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД