Шахмат: Айжаркын Шынгыз кызы Азия чемпионатында 11-орунду ээледи

Шардж (Бириккен Араб Эмираты) шаарында шахмат боюнча 20 жашка чейинки улан-кыздар арасында өткөн Азия чемпионаты аяктады. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай кыргызстандык оюнчулар арасынан эң жакшы көрсөткүчтү Айжаркын Шынгыз кызы көрсөтүп, 11-орунду алган. Ал он турнирдик мелдеште, 5 жолу жеңип, 3 жолу утулуп жана эки оюнда тең чыккан.

Ошондой эле кыздар арасындагы мелдеште Айжан Алымбай кызы 36 оюнчунун ичинен 16-орунду ээлеген.

Ал эми балдар арасындагы мелдешке 34 оюнчу катышкан. Кыргызстандан Жохар Жаанбай уулу катышып, ал мүмкүн болгон он упайдан 4,5 упай топтоп, 18-орунду ээледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД