Ысык-Көлдөгү чычырканакты кыйгандарга айып пул салуу сунушталууда

Ысык-Көлдүн жээгинде өскөн чычырканактарды кыйгандарга айып пул салуу сунушталууда. "Ысык-Көл" экология-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин бүгүнкү, 8-апрелдеги, жыйынында талкууланды.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Сабир Атажановдун айтымында, бул мыйзам долбоорунда чычырканакты кыйгандарга гана эмес, анын бутактарын сындыргандарга да айып пул салуу каралган. Ошол эле учурда чычырканактын мөмөсүн жыйноого тыюу салынбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД