Non Stop дуэти: жакын арада бизди жаңы ролдо кѳрѳ аласыздар

Non Stop дуэти 2011-жылдын январь айында алгач эл алдында сахнага чыккан. Алар тез аранын ичинде эле ѳз угармандарын таба алышты. Үч жыл ичинде дуэттин репертуары ондон ашык ырлар менен толукталып, алардын кѳпчүлүгүнѳ клиптер тартылып келет.

Дуэттин ырчылары Максат Садырбеков менен Чолпон Талипбекованын айтуусунда, алардын иштѳѳ графиги абдан тыгыз. Бирок ага карабастан бизге убактыларын бѳлүп ѳздѳрүнүн алдыдагы пландары жѳнүндѳ айтып беришти.

– Non Stop тобунун пайда болушу жѳнүндѳ айта кетсеңиз.

Максат: Үч жыл мурун бир радиостанция менен бир үн жаздыруучу студия Super Star аттуу конкурс жарыялашкан. Кастингге чейин биз бири-бирибизди таанычу эмеспиз. Ошол проекттин учурунда Чолпон экѳѳбүз таанышып калганбыз. Проектте биз экѳѳбүз белгилүү ырчы Урмат Усеновдун командасына туш келгенбиз.

Чолпон: Проект аяктаганда жеңүүчүлѳрдү аныктаган. Жеңүүчүлѳрдүн арасында биз болгонбуз. Бизге сунуш түштү - дуэт түзүп, ырдасаңар болот деп. Биз кѳп эле ойлонбой макулдугубузду бердик. Биринчи дуэттерден болуп чыктык. Биринчи жолу 2011-жылдын январь айында тушобуз кесилген десек болот.

– Non Stop дуэт үчүн эмне приоритетте?

Максат: Негизи Non Stop дуэти үчүн эң эле алгач бул сапат. Клип болобу, ыр болобу, - сапатуу жазганга аракеттенебиз. Анткени биздин шоу-бизнеске сапат жетишпей жатат деп ойлойм. Кыргызстанда боло элек нерселерди алып келгенге аракеттенебиз.

Чолпон: Биз ойлойбуз биздин угармандарыбыз муну сезишет. Мисалы, "Бийиктик" аттуу ырыбызды жаратыш үчүн эки ай кетти.

– Сиздердин ырларыңыз кимге арналган?

Максат: Биз ыр жаратканда буга-тиге деп бѳлбѳйбүз. Ар бир ыр элибизге жетсин деп аткарабыз. Биз чыгармачыл адамдар болгондуктан ар бир ырга ѳзүбүздүн жүрѳгүбүздү, ички сезимдерибизди элге жеткиргенге аракет кылабыз.

Чолпон: Бирок байкап калдык: биздин угармандырыбыздын ичинде кѳбү кичинекей балдар жана кыздар бар экен. Биздин концерттерде кѳрүп калдык. 5-6 жаштагы жаш балдар ата-энесин жетелеп алып келишет.

– Non Stop тобунун акыркы концерттери жѳнүндѳ жана жеке турне жѳнүндѳ айта кетсеңиз.

Максат: 14-февралда борбордук Спорт Ордосунда экинчи жеке концерт бердик. Ошол концерттен кийин биз Ошто эки күндүк концертибиз ѳттү. Кийин Кант, Нарын шаарларда гастролдордо жүрдүк. Бизди ар жерде жылуу тосуп алышты.

Чолпон: Бизге жакты андай турне. Андан кийин биз жылуу Дубай жака барып, биздин жердештерибизге концерт коюп келдик. Жакында биз Орусиянын үч чоң шаарларына концерт беребиз деген ойдобуз, ошондуктан даярданып жатабыз.

– Кайсы ырды сиздердин угармандарыңыздар концерттерде ѳзгѳчѳ тосуп алышат?

Максат: Акыркы ырлар жѳнүндѳ айтсак, "Бийиктик" жана "Кыздар ай, балдар ай" ырларыбыз бир убакыта чыгып калды десек жанылышпайбыз. Албетте "Кыздар ай, балдар ай" деген бул позитивдуу ыр. Ал дагы биздин күйѳрмандарыбыздын жүрѳгүндѳ орун алды.

Чолпон: Ушундай эле "Кыргызстаным" аттуу ырыбызды угармандарыбыз жакшы кѳрүшѳт. Анда чет ѳлкѳгѳ барып ырдаганда ушул ырды ѳзгѳчѳ тосуп алышат. Бул жаштардын гимни деп баштаганда, баардыгы алдын ала билип калып, биз менен чогуу ырдап, бийлеп башташат.

– Эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуу деген пландар болсо керек.

Максат: Ооба, эл аралык конкурстарга катышуу деген пландар бар. Негизи азыр биздин оюбузда бул жеке концерттерибиз. Андан кийин биз атайын конкурстук ырды жаратып баштайбыз. Конкурстук ырлар биз ырдап жүргѳн ырлардан айырмаланат.

Чолпон: Буйурса эмки жылы бизди бир чон конкурста кѳрѳ аласыздар.

– Ким бирѳѳңѳрдѳ жеке ырчы болом, жеке карьерамды баштайм дегем ойлор барбы?

Максат: Жеке чыгармачылыка бѳлүнүп кетүү биздин оюбузда жок. Биз ушул үч жылдын ичинде дуэт болуп келе жатабыз.

Чолпон: Биз кѳптѳгѳн ойлорго чогуу жетишип келдик. Алдыда дагы кѳптѳгѳн максаттарыбыз бар. Ага биз чогуу гана жетебиз. Бѳлүнүп кетүү деген ойлорубуз жок.

– Биздин шоу-бизнестиги кайсыл ырчылар менен бир туугандай мамиледесиңер?

Чолпон: Кѳбү менен жакшы мамиледебиз, анткени кѳп учурда чогуу болуп калабыз. Жакшы бир жаңылык айта кетсем, бул биздин кѳп ырчыларыбыз спортко кызыгып, спортко жакын болуу калышы, спорт залда бири-бирибизди кѳрүп калабыз. Бий студияларда дагы, ар кандай акцияларда, концерттерде бири-бирибизди кѳрүп жылуу маанайда сүйлѳшѳ баштайбыз.

Максат: Биз баары менен жылуу мамиледебиз. Баарын кѳргѳнгѳ аракет кылабыз, кѳргѳндѳ кубанычтабыз. Биздин ырчылар биз үчүн конкурент эмес, себеби баары менен досторбуз жана кесиптештерибиз.

– Алдыда Non Stop дуэттин кандай пландары бар?

Максат: Пландарыбыз кѳп болуп турат. Эң алгач – бул Россия шаарында гастролдорубуз. Албетте, ал жерде жакшы ѳткѳрѳ алсак, ошол концертте ырдалган жаңы ырларыбыз бар. Жакын арада биздин угармандарыбызга клип менен кошо, жаңы бир белек тартуулайбыз.

Чолпон: Дагы пландарыбыздын бири: бул биз ырчы катары гана эмес, дагы бир жаңы кесип сынап кѳрүп аракеттенип жатабыз. Азыркы учурда биз бир чоң долбоордун үстүндѳ иштеп жатабыз. Буйруса, жакында ТВде бизди кѳрѳ аласыздар.

– Дүйнѳ жүзүндѳ кѳп абдан кооз шаарлар бар эмеспи. Мына шаарга барып концерт берейли деген ойлор болсо керек.

Максат: Албетте, бардык шаарларга барып келсек деген кыялдар бар. Биздин кыргыздар баардык эле шаарларда бар экен. Алар үчүн жеке концерттерди десек деген ойлор бар.

Чолпон: Демек, ошондой пландар бар. Дүйнѳ жүзүндѳгү ар кайсы ѳлкѳлѳрдѳгү мекендештерибизге ырдап берүүгѳ кубанычтабыз.

– Бош убакта эмне менен алектенесиңер?

Чолпон: Биздин бош убактыбыз абдан кѳп эмес. Эрте менен турабыз, окууга барабыз, тренировка, вокал, бий. Бош убактыбыз болгондо, мен сиңдилерим менен жана сүйүктүү апам менен чогуу жѳн эле отуруп сүйлѳшкѳндѳн рахат алам.

Максат: Кичине кезимден бери досторум кѳп. Алар мени колдоп турат. Бош убакыт чыгып калганда мен досторум менен футбол ойнойм.

– Акыркы сурообуз: азыр интернет колдонулбаган адам болбосо керек. Силер социалдык тармактарды кандай колдоносуңар?

Чолпон: Негизи, социалдык тармактар күйѳрмандарыбыз менен байланашканга жакшы шарттарды түзүп берет. Ошондуктан биз социалдык тармактарда абдан активдүүбүз. Биз угармандарыбыздын бүт суроолоруна жооп бергенге аракет кылабыз.

Максат: Суроолор, чынын айтсам, абдан кѳп келет. Эң кызыктуу, оригиналдуу суроолорду чогултуп биз видеожооп (видеоответ) даярдап беребиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД