Бир кварталда курулуш компанияларына 159 лицензия берилген

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өлкө ичинде курулуш иштерин жүргүзүүгө 159 лицензия берген.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 82 лицензия берилсе, Чүй облусуна – 16, Ысык-Көлгө – 12, Ошко – 31, Баткенге – 4, Жалал-Абатка – 7, Нарынга – 6 жана Талас облусуна 1 лицензия берилген.

97 ишканага биринчи жолу лицензия берилген. Бир компанияга керектүү документтерин толук топтоп келмейинче лицензия берүүдөн баш тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД