Иликтөө: партиялар жарандык коомдун пикирин эске алышпайт

"Партия тарабынан шайланган парламент мүчөсү эгер кийин да шайлангысы келсе, жарандык коомдун же башка топтордун пикиринен мурун партия лидеринин сөзүн угат". Мындай билдирүүнү Швециядагы Гетербург университетинин профессору, V-Dem мекемесинин алдыңкы изилдөөчүсү Стаффан Линдберг Бишкекке болгон сапары учурунда билдирди.

V-Dem мекемесинин иликтөөсүндө, Кыргызстанда күчтүү партиялар бар экендиги, бирок алардын жер-жерлерде өкүлчүлүктөрү жок экени айтылат. Линдберг негизги партия лидерлеринин колунда тийиштүү бийлик бар экенин жана парламентке партиянын атынан шайланууну каалагандар лидердин уруксаты менен гана иш жасай ала турганын белгиледи.

Анын айтымында, көпчүлүк мамлекеттерде партия лидерлеринин колуна бийликтин топтолушунан качуу үчүн баштапкы шайлоо системасы киргизилген. Линдберг Европанын өнүккөн демократиясында күчтүү партиялар болгону менен баштапкы шайлоо системасы жоктугуна карабастан партия лидерлеринин колунда абсолюттук бийлик болбойт деп билдирди. Анткени аларды күчтүү коомдук уюмдар тең салмактап турат.

Чет элдик эксперттин пикиринде, Кыргызстанда андай күчтүү коомдук уюмдар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД