Зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча тендерге үч ишкана арыз берген

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында (КМДБ) 2013-жылынын Ажылык сапарына буруучу зыяратчылар үчүн тигилүүчү кийимдер боюнча тендер өтмөкчү. Тендерге катышууну каалаган тараптар тийиштүү документтерди 20-мартка чейин тапшыруусу керек болчу. Бул мөөнөткө чейин 3 кийим тигүүчү фирма документтерди жана башка тиешелүү талаптарды аткарып тапшырганга үлгүргөн. Бул тууралуу "ВБ"га КМДБнын басмасөз кызматынан билдиришти.

Тендер КМДБнын Ажылык Умра бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин орун басары Замир кары Ракиев төрагалык кылмакчы. Тендер саат 12:00 башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД