Урмат Барктабасов Ысык-Көлдүн инфрастуруктуралык өнүгүү долбоорун жарыялады

Урмат Барктабасов өзүнүн "Фейсбук" социалдык тармагына Ысык-Көл облусунун инфраструктуралык өнүгүү долбоорун жарыялады. Бул долбоордо Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин инфраструктуралык макети видое-ролик катарында тааныштырылган.

Барктабасов бул долбоорго азыр дүйнөлүк компаниялар кызыгып атканын жана инвестиция салууга даяр экенин жазат.

"Азыркы учурда Адыл деген балабыз Швейцарияда, Испанияда, Россияда ушул проекти чоң банк компанияларга презентация жазап жүрөт, кудай буйурса, алар аябай жакшы кабыл алууда. Бул тууралуу ал өзү телефон чалып айтып атат",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД