Камчы Көлбаевдин иши сотко берилди

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин иши боюнча материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, МУККнын тергөө бөлүмү өткөн жумада Камчы Көлбаев тууралуу бардык материалды Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Көлбаев учурда МУККнын тергөө абагында камакта.

Эскертсек, Көлбаевди МУККнын тергөө абагында камакка алуу мөөнөтү 8-апрелге чейин узартылган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД