Цукербергтен "Биринчи" смартфон

Facebook коомдук желесинин негиздөөчүсү жана акционери Марк Цукерберг, алгачкы – First (кыргыз тилинде "биринчи" дегенди түшүндүрөт) деген аталыштагы смартфон менен тааныштырды. Презентация Колифорнияда (АКШ) жайгашкан компаниянын башкы кеңсесинде өттү. Гаджет сүйүүчүлөр бул жаңылыкты чыдамсыздык менен күтүшкөнүн жашырышкан жок. Смартфонду түзүүчүлөрдүн айтымында жаңы гаджет, эң ири делген коомдук тармактын колдонуучулары үчүн максималдуу түрдө ылайык келет. Ошол эле кезде скептиктер болсо, аппараттын мүмкүнчүлүктөрү бул күнгө чейин чыгып келген, башка компаниялардын гаджеттеринен эч айырмасы жок дешүүдө.

First смартфону өзгөчөлөнгөн техникалык мүмкүнчүлүгү менен гаджет сүйүүчүлөрүн кубанта албайт. Төрт дюйм өлчөмүндөгү дисплей, эки камера, бир гигабайт оперативдүү эси, WI-FI кошулуу мүмкүнчүлүгү бар. Жогоруда саналган смартфон мүмкүнчүлүктөрү жогорку технологиялар базарында, мындан бир канча жыл мурун пайда болгон. Мында негизги күч – "бренд" болуп саналат. НТС компаниясынын жаңылыгы сатыкка, расмий түрдө Facebook деген аталыштагы телефон катары чыгат. Бул болсо, коомдук тармакты колдонуучулар тарабынан каалап алынуучу телефон болуусу зарыл. Эң негизгиси – Android платформасы үчүн даярдалган эксклюзивдүү тиркемелер жана кошумчалар кирген. Аппаратка, Facebook коомдук тармагына топтолгон бардык мүмкүнчүлүктөр жүктөлгөн. Ошону менен бирге эле онлайн-чат үчүн Messenger программасы кошумча киргизилген.

Тармактагы макамды өзгөртүү, check-in же болбосо жаңы сүрөт жүктөө, аппаратта ойноп же ыр угуп жаткан учуруңузда да терезени бүктөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп, башка терезе ачып тармакта баарлаша бересиз. Мындай мүмкүнчүлүк аппаратка атайлап жүктөлгөн Facebook Home тиркемесинин жардамы менен иш жүзүнө ашат. Аны менен бирге эле, бул тиркеменин жардамы менен коомдук тармактын интерфейсин, алдыңкы, кулпуга түшкөн экранга чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эң кызыгы жакынкы күндөрдө Facebook Home тиркемеси бир гана Facebook телефондорунда эмес, Android жана iOS платформасында иштеген башка смартфондорго да жеткиликтүү болот.

Аны менен бирге, Facebook негиздөөчүсү, өз коомдук тармагын алдыңкы делген гаджеттердин оперативдүү системаларына киргизүү менен тим болбостон саясий багытты да тандады. Америкалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, Марк Цукерберг, билим берүү жана илим, ошондой эле иммиграция маселелери үстүндө иш алып барат. Цукербергтин айтуусунда, миграциялык саясат боюнча АКШ мыйзамдары учурдун талабына жооп бербейт, анткени өлкөгө чет жакта жүргөн таланттуу кесипкөй инсандарды алып келүү бир топ кыйынчылык туудурат. Башка сөз менен айтканда Facebook компаниясы чет өлкөлүк мыкты программистерди жөнөкөйлөтүлгөн мыйзамдын чегинде жумушка алгысы келет. Алдыга коюлган бул максаттарды ишке ашырууга коомдук желенин негиздөөчүсү 20 миллион долларды сарптай турганын билдирген.

Марк Цукерберг саясатка болгон алгачкы кадамдарын таштап жатканда, анын кеңешчилери болуп, саясаттын алп дөөлөрү, Бил Клинтондун аппаратынын мурдагы маалымат-катчысы Жо Локхарт ошондой эле PR жаатынын мыкты адистери, көптөгөн мамлекеттерде өз ишин көрсөтө билген, Жон Ларнер жана Роб Жесмер болмокчу. Бир нече ай мурун, Цукерберг, Нью-Жерси губернаторлугуна талапкер Кристофер Кристинин үгүттөө кампаниясына акча топтоо боюнча иш алып барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД