Өмүрбек Бабанов жалаа жапкандыгы үчүн Жоомарт Сапарбаев менен соттошот

Экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевди сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде, Бабанов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

"Биздин юристтер азыр Сапарбаевдин Максим Бакиев менен байланыш жана акчаларды уурдоо боюнча айткандарын иликтеп атат", - деди ал.

Бабанов АКБ "Кыргызстан" банкын рейдерлик басып алуу боюнча "Ата Мекен" фракциясы тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия жана бул айыптоолор боюнча тергөө ишин Башкыпрокуратурага тапшырылганын да айта кетти. "Эмне үчүн депутаттар жеке фирманын ишине кийлигишет? "Кыргызстан" банкында мамлекеттин үлүшү жок. Анда келгиле талаш жараткан жеке компаниялардын бардыгына депутаттык комиссия түзөлү",- деп Бабановдун жини келди.

Белгилей кетсек, 5-апрелдеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Бабановдун дарегине АКБ "Кыргызстан" банкын басым алган деген айыптоолор айтылган эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД