Кыргызстандагы ички аба каттам 40%га азайган

Авиа ташуулар рыногу өлкөнүн жалпы экономикалык айлануусунда өтө кичинекей масштабды ээлейт. Мындай маалымат "Жарандык авиация секторуна "ачык асман" саясатын киргизүүнүн максаттуулугу" аттуу Экономика министрлигинин эксперттик тобунун аналитикалык отчетунда жазылган.

Белгиленгендей, өлкөдө 16 авиакомпания каттоого алынган. Алардын 15инин учуу сертификаты жарамдуу болсо, бирөөсүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Үч авиакомпания эл аралык жана ички каттамдар боюнча жарандарды такай ташып келет. Алар: "Кыргызстан" Компаниясы, "Авиа траффик компани" ЖЧКсы менен AirBishkek ЖЧКсы.

"Ошол эле учурда "Манас" аэропортуна эл аралык туруктуу каттамдардын өсүшү 22,13%ды түзсө, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу ички каттамдар 40,31%га же, 1 296 рейске азайган",- деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД