"Курманжан датка" фильмин аягына чыгаруу үчүн кошумча 30 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде "Айтыш" киностудиясы тарабынан тартылып жаткан "Курманжан датка" көркөм фильмин аягына чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 30 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2011-жылы Курманжан датканын 200 жылдык маарекесине карата "Куманжан датка" көркөм фильмин тартуу үчүн бюджеттен 40 млн сом бөлүнүп берилген. Ушу тапта "Айтыш" киностудиясы 31 млн сомго 1 саат 15 мүнөттүк кадр тарткан. Дагы кошумча 30 млн сом талап кылынууда. Ошону менен бирге, "Айтыш" фонду да фильмди тартууга 3 млн сом жардам берген, мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр.

"Биздин алдыбызда эл аралык деңгээлге чыгып, ар кандай кароо-сынактарга катыша ала тургандай фильм тартуу милдети турат. Бул фильм өзүн каражат жагынан актай алабы, азыртан айтыш кыйын, Кыргызстанда кинопрокат тутумунун 30 пайызы гана иштейт. Бирок, идеялык тарбыя жагынан кыргыз элине, анын келечек муунуна кызмат өтөй турганына толук ишеним бар", - дейт кинережиссер Садык Шернияз.

Андан сырткары, тармактык комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков бир катар депутаттар тартылган киноматериалдарды көрүп чыгып, аны жактырышкандыгын билдирүү менен, көркөм өнөр өкүлдөрүнүн өтүнүчүнө колдоо көрсөтүүгө, идеологиялык тарбыя ишине каражатты аябоого чакырды. Ал эми каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев фильмди аягына чыгаруу үчүн кошумча каражат табууга убада берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД