"40х40" караоке клубунун жанынан жарандын 6 миң сом жана 400 долларын тоношту

Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну көчө ууруларынын курмандыгы болду. Бул тууралуу шаардык ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, дем алыш күнү түнкү саат 12лер чамасында Тыныстанов – Пушкин көчөлөрүндө жайгашкан "40х40" караоке клубунун жанынан белгисиз бирөөлөр жаранды сабап, 6 миң сом жана 400 долларын тартып алышкан.

Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү деп Бишкек шаарынын 23 жаштагы жараны кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД