Баткен менен Чүй облусунун имамдары аттестациядан өтүүдө

Имамдарды аттестациядан өткөрүү Чүй менен Баткен облустарынан башталып, Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин орун басарлары Замир кары Ракиев жана Равшан ажы Эратовдор башчылык кылышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынан "ВБ"га билдиришти.

Аттестация Комиссиясына облустардын казылары, Кыргыз Ислам Университетинин (КИУ) мугалимдери, жергиликтүү кадыр барктуу аалымдар кирди.

Диний кызматкерлердин деңгээли үч критерий менен каралууда: биринчиси – диний илими, КМДБ менен байланышы, коомчулук жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштөөсү.

Аттестациянын жыйынтыктары менен чечимдери жакынкы айларды чыгып, ишке ашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД