"Залкарлар жана замандаштар" фотоальбому жарыкка чыгат

Белгилүү фотосүрөтчү Турат Кашымовдун объективине таандык жалаң фотосүрөттөрдөн турган фотоальбом- китеп жакында "Турар" басмаканасынан жарык көрмөкчү. Автордун айтымында, буга анын отуз беш жыл бою тарткан сүрөттөрү кирген. Бул убакыттын ичинде Кыргызстанды жетектеген саясый ишмерлерден тарта кыргыз маданияты менен адабиятынын залкар адамдарынын иш учурундагы, коомдук иш-чаралар жана чыгармачылык учурундагы эң мыкты көз ирмемдери чагылдырылган.

Фотоальбом чыгаруунун үстүндө Турат ага үч жылдай иштеген. Төрт жүздөн ашык сүрөт тандалып алынып, миң нуска менен китеп жарык көрмөкчү. Убагында Турат Кашымов "Кыргызстан маданияты" гезитинде көп жылдар фотокабарчы болуп иштеген.

Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Жолон Мамытов, Рыспай Абдыкадыров жана башка жүздөгөн көзү өтүп кеткен жана бүгүн арабызда жашап жаткан үлкөн инсандардын басып өткөн жолу жөнүндө бул альбомдон маалымат алса болот.

Айтмакчы, кезегинде бул сүрөттөрдү түрктөр өзүбүздүкүнө кошуп чыгаралы деп сунуш кылганда автор баш тартканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД