Шаардагы лифтерди оңдоого бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпейт

Лифтерди оңдоо үчүн шаардык бюджеттен болгону 5 млн сом гана бөлүнөт. Бул тууралуу "Бишкеклифт" ишканасынын директору Виктор Попов билдирди. Жүздөгөн лифти алмаштыруу үчүн бул каражат жетишсиз.

"Борбордогу көп кабаттуу үйлөрдөгү 400 лифт мындан ары колдонуу үчүн техникалык жактан кооптуу. Жаңысын сатып алууга каражат жок", -деди ишкана жетекчиси.

Попов "Дастан" заводунун базасында лифт жабдыктарын чогултууну жолго коюну сунуштайт. Учурда Могилев заводунун профилдик адистери менен долбоор иштелип чыгууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД