Ысык-Көлдө жаш манасчылар арасында кароо өттү

Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрында жаш манасчылардын арасында кароо-сынак өткөрүлдү. Ага облустун район, шаарларынан келген 8 адам катышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетовага шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, эпосту жаштар арасында жайылтуу максатында облуста "Манасиада" деп аталган спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө кароо-сынакка келгендерге "Манас" эпосу тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД