Мамлекеттик матрезерв фондунун 2010-2011-жылдардагы карызы 1 млрд 266 млн сом

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунда бюджеттик жана атайын каражаттарды 2010-жылдын 1-апрелинен 2011-жылдын 31-декабрына чейин пайдалануусунун аудити жөнүндө отчет угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

КР Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиевдин берген маалыматына караганда, Мамлекеттик материалдык резерв фондунда каралып жаткан мезгил аралыгында бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдалануу жаатында көптөгөн мыйзам бузуулардын бети ачылгандыгын баса белгиледи.

Эгерде 2011-жылдын 1-январына карата мекеменин дебитордук карызы 669 млн сом болсо, 2012-жылдын 1-январына карата дебитордук карыз, материалдык жетишпестик, уурдоо көлөмү дагы 600 млн сомго көбөйгөн. Андан сырткары, өндүрүп алалбай турган карыздар да бар. Жыйынтыгында баардык карыздар 1 млрд 266 млн 200 миң сомду түзгөн.

Жыйынтыгында дебитордук карыздардын өсүшүнө, материалдык жетишпестикерге жол ачкан Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жетекчилерин тактоо жана бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резерв фондун 2010-жылдын 1-апрелинен 2011-жылдын 31-декабрына чейин Бакыт Сүйүмбаев жетектеп турган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД