Бүгүн Бишкекте жана Чүй областынынын бир катар аймактарында жарык өчөт

Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин "Түндүк электр" ААК курамындагы өндүрүштүк кызматтары, борбордогу №№ 63, 34, 302 трансформаторлорунан тараган 0,4 кВ электр зымдарында, "Ново-Южная", "Майская", "Берлик" көмөкчордондорунан тараган 6/10 кВ электр зымдарында капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, Патриса Лумумбы көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө №№ 58, 60, 62, 139"А", 139 "Б", Тоголок Молдо, Шорин, Средняя, Кайназаров көчөлөрүнүн барчаларында, "Арча-Бешик" конушунун көчөлөрүнүн барчаларындагы Шералиев, Кара-Коо, Миң-Кушта электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында (Сибирская, Первомайская, Маяковского Космонавтов, Строительной көчөлөрүндө, бала бакча, мектептин тегерегинде) саат 13-00дөн 17-00гө дейре, ал эми саат 11-00дөн 17-00гө чейин Степное, Достук айылдарында, Пригородное айылынын бир бөлүгүндөгү (Серегин, Дорожная көчөлөрүндө), саат 9-00дөн 17-00гө чейин Верхнее Ат-Башы айылында, Гроздь айылынын бир бөлүгүндө электр энергия үзгүлтүккө учурайт.

Жайыл районундагы Алексеевка айылынын бир бөлүгүндөгү (Центральная, Школьная, Чапаев, Буденного көчөлөрүндө) электр жарыгы болбойт. Аталган аймактарда зымдарды тарттырып, бак-бутактарды кыйып, сынган изоляторлорду алмаштыруу иштери жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД