Ош шаарында ыктыярдуу жаш өрт өчүрүүчүлөрдүн сынагы болду

Кечээ, 8-апрелде, Ош шаарында КР ӨКМга караштуу Өрткө каршы мамлекеттик кызмат Агенттигинин Ош шаарындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсү тарабынан мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Ош шаарындагы №42 "Керме-Тоо" орто мектеби менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы №79 "Чолпон" орто мектебинин окуучулары катышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Аталган иш чара мектеп окуучуларына өрт коопсуздук эрежелерин сактоону, ошондой эле улуттар аралык биримдикти, ынтымакты чыңдоо жана жаш жеткинчектерди патриоттуулукка үйрөтүү максатында өткөрүлдү.

"Сактанганды Кудай сактайт демекчи, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо ар бирибиздин милдетибиз,"- деген девиз менен мелдеш жыйынтыкталды. Иш чаранын аягында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД