Алмазбек Атамбаев Андрей Бельянинов жетектеген орусиялык делегацияны кабыл алды

КР президенти Алмазбек Атамбаев Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектеген россиялык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын 19-20-сентябрында Кыргызстангаа жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД