Парламенттик кабарчылар журналисттик этика жөнүндө сабак алышты

ЮСАИД/ДФИДдин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын колдоосунда Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тарабынан уюштурулган парламенттик кабарчылар үчүн "Журналисттик ишмердүүлүктүн укуктук негиздери жана журналисттин этикасы" аттуу семинар өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Семинардын алкагында медиа-эксперт Шамарал Майчиев массалык маалымат каражаттары жана бул багытта кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы, журналисттер тарабынан сакталышы боюнча маалымат берди. Семинардын катышуучулары укуктук системалар, ЖМКнын учурдагы абалы боюнча бир катар суроолорду берип, кызуу талкуу жүрдү.

Медиа-эксперт ЖМК жана анын өкүлдөрү катышкан соттук териштирүүлөргө кенен токтолуп, маалыматтардагы пикир менен фактынын айырмачылыктарын, маалымат таратууда кандай жагдайлар эске алынышы керектигин, таратылган маалыматтар боюнча ЖМКнын жана маалымат авторунун жоопкерчиликтерин так бөлүп, айрым мисалдар менен дыкат түшүндүрүп берди. Мындан сырткары, ЖМКга даттанууларды кароо боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, бул комиссия териштирген фактылар боюнча мисалдар талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД