Бишкек көчөлөрүндөгү аң-чөнөктөрдү оңдоо иши башталды

Борбор калаанын көчөлөрүнүн асфальттарын оңдоо башталды. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда Манас проспектиси, Токтогул, Фучик көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп атат.

Ошондой эле Токомбаев, Гагарин, Чапаев көчөлөрүндө оңдоо иштерине даярдык жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД