Кыргызстандык бийчи жуптар "Танцфорум - 2013" турниринде күмүш медаль утту

Кыргызстандык жуптар Давид Саламау – Ксения Тетерева "Танцфорум - 2013" эл аралык турниринде спорттук бал бийи боюнча күмүш байге алышты. Турнир Москва шаарында өткөн.

Кыргызстандын спорттук бий федерациясынан билдиришкендей, жуптар - Саламау – Тетерева Rising Star турниринде "чоңдор" жаш категориясы боюнча экинчи орунду ээлешкен. "Биздин балдар "чоңдор" категориясына быйыл гана киришсе да, жакшы жыйынтык көргөзүштү", - деп федерациядан билдиришти.

Андан сырткары кыргызстандык жуптар мелдеште WDSF Open программасында "стандарт" жана "латино" боюнча да күч сынашып, 42 жуптун ичинен 28-орунду алышкан.

"Танцфорум - 2013" турнирине Украина, Таиланд, Румыния жана Орусиядан бийчилер да катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД