Энесинин пенсиясын алуу үчүн аны сабап өлтүргөн

Панфилов районунда энесинин пенсиясын алуу үчүн баласы аны өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, Панфилов районундагы айылдардын бириндеги үйдөн 74 жаштагы пенсионердин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге Панфилов РИИБдин кызматкрелери барышкан.

Кылмышка шектүү деп анын 54 жаштагы баласы кармалган. Тергөө учурунда ал энесин пенсиясын ага бербей койгондугу үчүн сабаганын мойнуна алган.

Коңшуларынан да сураштырганда, баласы энесин буга чейин эле сабап келгени аныкталган. Ал баласынан качып, коңшуларынын үйүнө барып түнөгөн учурлары болгон.

Панфилов РИИБдин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран убактылуу тергөө абагына камакка алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД