Германия Кыргызстандын бейтапканаларына белекке жабдык берди

Германия Федеративдүү Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги жана Бонн шаарындагы анын бөлүмү менен биргеликте Кыргызстанга гуманитардык жардамдын жөнөтүлүшүн уюштурушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Белгиленгендей, 5-апрелде, жалпы салмагы эки тоннадан жогору болгон жүк Берлинден жөнөтүлгөн. Саламаттыкты сактоону колдоо максатында төшөк менен механикалык керебеттер, инвалиддик креслолор, балдактар, хирургиялык жарык бергичтер, баспай калган бейтаптарга алгач керектүү болгон буюмдар, лабораториялык жана кардиологиялык жабдыктар, дефибриляторлор, кан басымын жана жүрөктүн согушун көзөмөл кылган мониторлор жана рентген сүрөттөрдү кароо үчүн атайын аппарат жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД