Зыяратчылардын кийимдери 20 доллардан тигилмей болду

Кечээ, 8-апрелде, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында быйылкы ажылык сапарга буруучу зыяратчылардын кийимдерин тигүү укугун алуу боюнча тендер болду. Тендердик комиссияда 9 киши болуп, муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев төрагалык кылды. Бул тууралуу КМДБнын басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Тендерге катышууну каалаган тараптар керектүү документтерин 20-мартка чейин бериши керек болчу. Бул мөөнөткө чейин "Жумейл" жана "Сафари Транс" кийим тигүүчү фирмалары менен "Ализа" жеке ишканасы бардык документтерин тапшырышкан. Булардан сырткары дагы ишканалар кайрылышкан, бирок мөөнөттөн кечиккендиктен алар тендерге катыштырылган жок.

Тендер Ажылык-Умра бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, тажрыйбалуу жана даярдыгы жакшы болгон "Ализа" жеке ишканасына 3000, "Сафари Транс" фирмасына 1500 зыяратчыга кийим тигүү укугу берилди. Белгилей кетсек, ар бир кийимди тигүүгө 20 доллар сарпталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД