"Бишкек парктын" жетекчилиги сапатсыз курулуш жүрүүдө деген айыптоону төгүндөдү

Киев көчөсүндөгү "Бишкек парк" соода борборунун курулушу менен алектенген түрк инвесторлорунун төрагасы Айдын Мыстачоглу курулуш коопсуздук нормалары сакталбастан курулууда деген айыптоолорду четке жакты.

Анын айтымында, курулуш акыркы дүйнөлүк стандарттардын жана Кыргызстандын бардык талаптарына ылайык жүрүүдө. "Биз сапатту материалдарды колдонууга аракет кылдык. Биз Кыргызстан үчүн престиждүү болгон объект салдык жана ал мамлекеттин визиттик картасы болот деп ишенебиз",- дейт Мыстачоглу.

Комплекстин инеженер-куруучусу Сулейман Бозажы курулуш стандарттарга жооп бере турганын айтты. "Курулуш учурунда мамлекеттик расмий түзүмдөр тарабынан бардык эксперттик иштер жасалды. Бизди тастыктоочу бардык документтер бар",- дейт Бозажы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД