Кыргызстандык чек арачы Сочи фестивалында биринчиликти алды

3-апрелден 7-апрелге чейин Россиянын Сочи шаарында КМШнин чек ара аскеринин кеңеши "Үмүт үчүн! Мекен үчүн! Сүйүү үчүн!" аттуу аскер ырынын XVI регион аралык фестивалы өттү. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдады.

Белгиленгендей, КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын сержанты Мукамбет уулу Аксайбек "Профессионал авторлордун ырын аткаруу" номинациясында биринчиликти жеңип, 1-даражадагы фестивалдын лауреаты аталды.

Басмасөз кызматтынын берген маалыматына ылайык, кыргызстандык аскер Р. Фальфо жана М.Улицкийдин "Скажите девушки" жана Э.Капуа менен Ж. Капурронун O sole mio ырларын аткарган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, мындай сынактар маданий потенциал аркылуу башка чек арачылар менен жеке байланыштарды түзүүгө жардам берет.

Кыргызстандан чек арачылар жогоруда айтылган фестивалга алгачкы ирет катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД