Депутаттар Балыкчынын мэрине болгон арзыдануу боюнча жумушчу топ түзүшөт

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин бүгүнкү, 9-апрелдеги, жыйынында депутаттар Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Зарылкан Кылымышеванын маалыматын угушту. Шаар депутаты Балыкчынын мэри Мирлан Бообеков боюнча арызданган.

Кылымышева Балыкчыда азыркы кезге чейин шаар бюджети бекий электигин айтты. "Мэр ар кандай жол менен жергиликтүү кеңештин иштешине жолтоо болуп атат",- деди ал. Шаар депутаты ошондой эле алар бир канча топко бөлүнүп калганын белгиледи. "Чогула албагандыктан мэр тууралуу маселени карай албай атабыз",- деп кошумчалады ал.

Профилдик комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев бул маселени чечүү керектигин, анткени жергиликтүү кеңеш бир канча жолу шаар башчысы боюнча арызданганын билдирди. Эл өкүлдөрү жумушчу топ түзүүнү чечишип, аны "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматованын жетектөөсүн сунушташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД