Оор атлетчи Искендер Саламатов дүйнөлүк лицензиялык чемпионатта 23чү болду

Ташкентте оор атлетика боюнча өсүрүмдөр арасында дүйнөлүк лицензиялык чемпионат старт алды. Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын расмий сайты билдиргендей, мелдештин биринчи күнү 50 кг салмакка чейинки спортчулар күч сынашкан. Кыргызстандык Искендер Саламатов жулкуп көтөрүүдө 75 кг штанганы көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 88 кг оордукту көтөргөн. Жалпысынан ал 163 кг оордукту көтөрүп, 23-орунду ээледи.

Ал эми кытайлык Сионьху Цзя жалпысынан 200 кг ды көтөрүп, дүйнө чемпиону болду.

Белгилесек, бул чемпионат командалык болуп саналат жана анда 2014-жылы өтө турган Өспүрүмдөрдүн экинчи олимпиадалык оюндарына лицензиялар ойнотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД