"Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

КР президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 7-мартында кабыл алынган. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кабыл алынган мыйзам анын редакциясын КР Жарандык кодексинин (1 037-берене – Интеллектуалдык менчиктин объектилери) жана КРдин интеллектуалдык менчик жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ("Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыккан жерлердин аталыштары жөнүндө" мыйзам жана КРдин Патент мыйзамы менен) ылайык келтирүү максатында "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын 8-беренесине түзөтүүлөрдү карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД